19 март

Жергиликтүү бийликтерде бир да штаттык юрист жок – депутат укуктук ваакум реформаны “жутуп" коерун айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу жергиликтүү кеңештердеги маселени көтөрдү. 

Айтымында, бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештерде штаттык юристтер жок жана бул мамлекеттин түзүлүшүн “жеп” жаткан юридикалык эрозия. 

Депутат аймактык-администрациялык реформа ийгиликтүү жүргөнүн, бирок реалдуулук башка болуп жатканын белгиледи. Айтымында, реалдуулук – бул аймактарды ирилештирип, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигине эбегейсиз бийлик берилди, бирок укуктук курал берүү унутта калды. 

“Министрлер Кабинетинин 81-токтому менен бекитилген типтүү штаттык ыраттама жергиликтүү өз алдынча башкарууну юридикалык жактан алсыз кылууда. Жүз миң калкы бар шаардык кеңештерде бир дагы штаттык юрист жок. Ошондо, биз аларга милдетти бердик, бирок коргой турган кадр бербедик. Бул рулу жок кемени океанга чыгарып койгонго тете”, – деди ал. 

Депутат белгилегендей, аймактарда мамлекеттик мүлк боюнча ар кандай соттук процесстерге келишимдик негизде иштеген жалданма адвокаттар катышат. Штаттык юристтин кызматка киришер алдында ант берет жана анын кызматтык жоопкерчилиги бар. Ал эми жалданма адвокатта андай милдет жок. Ал соттук процессте атайын утулуп берсе дагы, ага кызматтык иликтөө же жоопкерчилик каралбайт. Ошондой эле жалданма адвокат кааласа каршы тараптын дагы кызыкчылыгын коргой алат. 

“Бул кызыкчылыктардын кагылышынын коркунучтуу үлгүсү”, – деди Карыбек уулу. 

 Депутат ага жакында 2012-жылдагы регламент менен иштеп жаткан бир шаардык кеңештен кайрылуу келгенин билдирди. Бирок эл өкүлү ал кайсы шаар экенин ачык айткысы келген жок. 

“2021-жылы жаңы Конституция кабыл алганбыз, а ал шаардык кеңеш 2012-жылдагы эскирген регламент менен иштеп жатат. Анткени штатында регламентти жаңы Конституцияга шайкештирчү юрист жок. Натыйжада, депутаттар жер комиссияларына кирип алышкан, аткаруу бийлигинин функцияларын талашып жатышкан, мекемелерге уюштуруучу болуп алышкан. Бул бийликти бөлүштүрүүнүн принциптерин бузуу болуп саналат”, – деди депутат.

Ал жогорудагы маселелерди чечүү үчүн 3 сунуш жолдоду: 

1. Министрлер Кабинетинин №81 токтомун ревизиялоо жана ар бир жергиликтүү кеңешке милдеттүү түрдө штаттык юрист киргизүү.
2. Прокурордук ревизия. Башкы прокурор бардык жергиликтүү кеңештердин актыларын жана регламентти жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү чараларын көзөмөлгө алуу.
3. Мамлекеттик мүлктү коргоону көчөдөгү юристке эмес, ант берген кызматкерлерге тапшыруу. 

“Элдин мамлекетке ишеними мыйзамдардын аткарылышынан башталат. Укуктук ваакумду толтурбасак, бүтүндөй реформаны жутуп кетет”, – деп белгиледи депутат.