Чүй облусунда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңы пилоттук долбоору башталат
25 июль

Чүй облусунда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңы пилоттук долбоору башталат

Кыргыз Республикасынын Президенти жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңы моделин апробациялоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Пилоттук долбоор Токмок шаарынын Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жана Чүй районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда ишке ашырылат.

Эмне үчүн Программаны жаңылоонун зарылдыгы келип чыкты

Колдонуудагы Мамлекеттик кепилдиктер программасы 2001-жылдан тартып иштейт жана мурдатан жаңылоого муктаж эле. Акыркы жылдары жеңилдиктердин жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн саны бир топ көбөйдү, бирок каржылоонун көлөмү иш жүзүндө өзгөрүү болгон жок. Жыйынтыгында мамлекет туруктуу негизде бардык каралган кепилдиктерди толук көлөмдө камсыз кыла албайт.

Кандай өзгөрүүлөр болот

Жаңы моделдин негизги милдети – эң көп талап кылынган жана жашоонун маанилүү медициналык кызматтарын аныктоо, алардын реалдуу наркын эсептөө жана мамлекеттик кепилдиктер системасын кыйла түшүнктүү, адилеттүү жана финансылык жактан туруктуу кылуу.

Программаны иштеп чыгууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамалары пайдаланылды. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр алардын натыйжалуулугун, коопсуздугун, наркын жана калктын ден соолугуна таасирин эске алуу менен тандалды.

Жаңы модель төмөнкүлөрдү карайт:

** базалык пакет – бардык жарандар үчүн акысыз медициналык жардамды;

** кошумча пакет – медициналык жардам камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдетилген шарттарда, ал эми айрым социалдык категориялар үчүн – акысыз.

Өзгөчө көңүл оорулардын алдын алууга, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө, өнөкөт ооруларды дарылоого, энелер менен балдардын ден соолугун коргоого, ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, кургак учук, ВИЧ-инфекциясы, онкологиялык жана башка социалдык мааниге ээ оорулар менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүгө бурулган.

Бардык деңгээлдерде акысыз медициналык жардам жетим балдарга, балдар үйлөрүнүн 23 жашка чейинки бүтүрүүчүлөрүнө, ошондой эле карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн интернат-үйлөрүндө жашаган жарандарга көрсөтүлөт.

Пилоттук долбоор медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн жогорулашын, кызмат көрсөтүү сапатынын жакшырышын, бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын жана жаңы моделдин бүткүл республика боюнча жайылтууга даярдыгын баалайт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча пилоттук долбоорду эки саламаттык сактоо уюмунда ишке ашыруу болжол менен 309,4 млн сом талап кылынат.