www
8 июнь
Кыргызстандын аймагында бир жумада 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 29-майдан 4-июнга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 24 миң 985 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.
Анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 2 539;
- Мас абалында унаа каражатын башкаруу - 362;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 193;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 238;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 502;
- Автоээнбаштык - 52;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2 135;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 267;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
