Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолу төрт тилкеге чейин кеңейтилет
Транспорт министрлиги
19 март

Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолу төрт тилкеге чейин кеңейтилет

Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер активдүү темпте улантылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда жолдун 0-3,9 чакырым аралыгында жол четине бордюрлар орнотулуп, Күнтуу айылынын ичиндеги тротуарларга асфальт төшөлүүдө.

Мындан сырткары, Күнтуудан Токбай айылына чейинки тилкеде жолдун негизи бекемделип, Токбайдан Кара-Сакал айылына чейинки бөлүктө бак-дарактар кыйылып жатат.

Долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин алкагында каржыланып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым. Анын 6,7 чакырымына былтыр асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлгөн.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулуп, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулат, кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат.