Сүлүктү шаарында "акылдуу эсептегичтер" орнотула баштады
Баткен электр тармактар ишканасы
28 август

Сүлүктү шаарында "акылдуу эсептегичтер" орнотула баштады

Сүлүктү шаарында "акылдуу эсептегичтер" орнотула башталды, деп кабарлайт Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата Сүлүктү РЭТ ишканасына караштуу аймактарга жалпы 15454 даана "акылдуу электр" эсептегич орнотуу иштери пландалган болсо, бүгүнкү күнү 458 даанасы орнотулду.

Бул эсептегичтер Сүлүктү электр тармактарынын бардык калк керектөөчүлөрүнө этап-этабы менен орнотулат.

Белгилей кетсек, эсептегичтерди сатып алуу абоненттердин эсебинен жүргүзүлбөйт. Эсептегичтин өзү жана аны орнотууга байланыштуу бардык чыгымдар толугу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын эсебинен каржыланат.

АСКУЭ - электр энергиясын так эсепке алууга, жоготууларды азайтууга жана энергетика тармагын санариптештирүүгө багытталган маанилүү кадам.