Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барды
Бүгүн, 2025-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө пландан тышкаркы сапар менен барды. Иш сапардын алкагында ведомство жетекчиси дарылоо процессинин уюштурулушу, инфраструктуранын абалы, дары-дармек менен камсыздоо системасы жана көмөкчү кызматтардын иши менен жеке таанышты. Ошондой эле бейтап балдардын ата-энелери менен ачык жана узакка созулган жолугушуу өткөрүп, анда эң курч жана системалуу маселелер кеңири талкууланды.
Ата-энелер дары-дармек менен камсыздоо, айрым препараттардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү, шарттары жана өз убагында жеткирүү маселелерин көтөрүштү. Бул маселелер балдардагы онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларды дарылоодо өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди. Айрыкча лабораториялык кызматтын ишине көңүл бурулуп, айрым анализдерди, анын ичинде С-реактивдүү белоктун деңгээлин жана дарылоонун жүрүшүндө балдардын абалын көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон башка көрсөткүчтөрдү аныктоо максатында ата-энелердин жеке лабораторияларга кайрылууга мажбур болуп жатканы айтылды.
Кандын компоненттери менен камсыз кылуу, алардын логистикасы жана өз убагында жеткирүү маселеси өзүнчө талкууланды. Бул багытта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу бөлүмдүн муктаждыктары үчүн кандын компоненттерин жана башка медициналык керектөөлөрдү үзгүлтүксүз ташып жеткирүүгө арналган адистештирилген автомашина бөлүү боюнча тапшырма берди.
Иш сапардын жүрүшүндө дары-дармектерди сатып алуу маселеси да көтөрүлдү. Каныбек Досмамбетов өз позициясын так билдирип, айрыкча балдар үчүн өмүргө зарыл болгон препараттарга карата сатып алуулар системасында үзгүлтүктөргө, ачык эместикке жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбеши керектигин баса белгиледи. Калыптанган кырдаал системалуу баалоону жана башкаруучулук чечимдерди талап кылаары айтылды.
Ушуга байланыштуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, ошондой эле «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн комплекстүү кароо үчүн комиссия түзүү чечими кабыл алынганын билдирди. Комиссиянын максаты – учурдагы процедураларды талдап, көйгөйлүү звенолорду аныктоо жана дары-дармек менен камсыздоо системасында натыйжалуулукту, ачыктыкты жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Жолугушууда дарыгерлердин дисциплиналар аралык өз ара аракеттенүүсү, консилиумдарды уюштуруу, ошондой эле балдардын жана аларды коштоп жүргөн ата-энелер үчүн түзүлгөн шарттарга өзгөчө көңүл бурулду. Ведомствонун башчысы балдар онкологиясы медициналык, уюштуруучулук жана социалдык аспектилер бирдикте каралууга тийиш болгон өзгөчө, комплекстүү мамилени талап кыларын белгиледи.
Иш сапардын жыйынтыгында Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жетекчилигине жана Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө лабораториялык кызматтын ишин жакшыртуу, зарыл анализдердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, кандын компоненттеринин логистикасын өркүндөтүү, дары-дармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү жана сатып алуу процесстерин оптималдаштыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле балдардын ата-энелеринин тамак-аш маселесин чечүү, алар үчүн зарыл болгон турмуш-тиричилик шарттарын түзүү, кошумча балдар столдорун сатып алуу жана кыска мөөнөттө аталган корпуста дарыкана пунктун уюштуруу тапшырылды. Бул ата-энелердин алыскы дарыканаларга кайрылуусуна жол бербөө максатын көздөйт.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу учурда өлкө Президенти С.Н. Жапаровдун тапшырмасы менен Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда узак мөөнөттүү дарыланууда жүргөн региондордон келген онкологиялык оорулуу балдардын ата-энелери үчүн убактылуу жайгашууга арналган адистештирилген пансион куруу маселеси иштелип жатканын маалымдады. Бул долбоордун ишке ашырылышы үй-бүлөлөр үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүп, социалдык жана каржылык жүктү азайтууга, ошондой эле жогорку адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
