Караколдо куткаруучулар муз жарылып, сууга түшүп кеткен эки жаранды куткарды
12 февраль

Караколдо куткаруучулар муз жарылып, сууга түшүп кеткен эки жаранды куткарды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Дача тилкесиндеги көл үстүндөгү муз жарылып, эки адам түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Окуя бүгүн, 12-февралда болгон. Сууга 2008-жылы туулган кыз жана 1996-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

Жерине төррт куткаруучу тартылып, сууга түшүп кеткен кызды аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми эркек кишини жеринде жүргөн жергиликтүү тургун суудан аман-эсен чыгарган.