президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
8 июнь
Кара-Сууда 225 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер тапшырылды
Бүгүн, 8-июнда Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы “Асман Резиденс" турак жай комплексинде курулган ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.
Комплекс беш блоктон турат, анда жалпы 225 батир бар.
- 1 бөлмөлүү – 50 даана
- 2 бөлмөлүү – 125 даана
- 3 бөлмөлүү – 50 даана
Батирлердин жалпы аянты – 18 148,8 м². Ар бир блокто кампалар каралган – жалпы 14 290,0 м².
