Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объектилердеги курулуш жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Айтматов Ааламы” тарыхый-мемориалдык комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул комплекс дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачыл мурасына арналган заманбап маданий-мемориалдык жай катары түзүлүүдө.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктундагы капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыгын карап чыкты. МинКаб Төрагасына аталган жайда жүргүзүлгөн инфраструктураны модернизациялоо иштери тууралуу маалымат берилди.
Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Талас шаарындагы “Баластан” оюн-зоок борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып, долбоорду ишке ашыруунун келечегин карап чыкты. Комплекс жалпысынан 6,5 гектар аянтты ээлейт. Долбоор тогуз имаратты камтыйт жана эс алуу менен көңүл ачуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүү караштырылган.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Талас шаарындагы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдордун иши менен таанышты. Бул ишканалардын иши аймактагы курулуш долбоорлорун ишке ашырууда зарыл материалдар менен камсыздоодо маанилүү роль ойноору жана аймактын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө салым кошору белгиленди.
Объекттерге баргандан кийин Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин белгиленген мөөнөттөрүн сактоо, жумуштун сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жана объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн өтө маанилүү. Социалдык объекттерди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландаштырылууда.
