«Бала ырысы»: «Түндүк» жана Эмгек министрлиги системанын туруктуу ишин калыбына келтирүүдө, арыздарды кабыл алуу уланууда
1 июль

«Бала ырысы»: «Түндүк» жана Эмгек министрлиги системанын туруктуу ишин калыбына келтирүүдө, арыздарды кабыл алуу уланууда

«Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-июлдан тартып кабыл алуу башталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу учурунда убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр жаралганын маалымдайт.

Биринчи күнү көп сандаган ата-энелер «Түндүк» порталы аркылуу жөлөк пул алуу үчүн бир убакта кайрылышкан. Айрым учурларда система бир мезгилде 200 миңден ашуун арызды иштеп чыгып жаткандыктан, порталдын маалыматтык инфраструктурасына өтө чоң жүк түшүп, анын ишинде убактылуу үзгүлтүктөр жаралган. Бул техникалык мүчүлүштүктөр убактылуу мүнөзгө ээ жана берилген маалыматтардын жоголушуна же бурмаланышына байланыштуу эмес.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана «Түндүк» порталынын оператору менен биргеликте системанын туруктуу ишин мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүү боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзүүдө. Эки тараптын адистери арыздарды үзгүлтүксүз кабыл алууну камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын кайталанышына жол бербөө максатында тыгыз кызматташууда.

Министрлик белгилегендей, «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу туруктуу негизде жүргүзүлөт жана мөөнөт менен чектелбейт. Ошондуктан жарандар документтерди өздөрүнө ыңгайлуу болгон убакта тапшыра алышат. «Түндүк» порталы аркылуу онлайн кайрылуудан тышкары, арыздарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө белгиленген жарандарды кабыл алуу графигине ылайык барып да тапшырууга болот.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, «Бала ырысы» жөлөк пулун алууга өлкө боюнча үч жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейин бала укуктуу. Үстүбүздөгү жылдын июль айында берилген арыздар боюнча төлөмдөр келип түшкөн документтер толук иштелип бүткөндөн кийин 2026-жылдын август айында жүргүзүлө баштайт. Андан ары жөлөк пулдар арыздардын таризделишине жараша мыйзамда белгиленген тартипте дайындалат.

Эмгек министрлиги жана «Түндүк» порталынын оператору жарандарды сабырдуулукка чакырып, бардык кайрылуулар өз убагында жана толук көлөмдө караларын кепилдейт.