Төрага болуп шайланган Марлен Маматалиев эл үчүн, мамлекет үчүн иштей тургандыгын билдирди
Жогорку Кеңештин жыйынында төрага болуп шайланган Марлен Маматалиев болгон тажрыйбасын жана күчүн жумшап, эл үчүн, мамлекет үчүн иштей тургандыгын билдирди.
Ошондой эле бардык депутаттар менен бир команда катары иштерин кошумчалаган төрага:
«Президент Садыр Жапаров башында туруп, жүргүзүлгөн реформалардын жана коюлган тапшырмалардын негизинде мамлекетибиз чоң өнүгүүгө жетишүүдө. Экономикабыз көтөрүлүп, коррупция менен күрөш күчөтүлдү. Эл аралык деңгээлде да аброюбуз жогорулап, өз ордубуз пайда болду. Албетте айтылгандардын бардыгында Жогорку Кеңештин да салымы өтө зор», – деди.
Аталган иш-аракеттерге парламент мындан ары да көмөк көрсөтө берерин айткан Марлен Маматалиев:
«Жакында эле элибиз бизди шайлап, мандатты аманат кылып тапшырды. Ошол аманатты сиздер менен бирге эч качан жерде калтырбайбыз. Биздин мамлекетибиз бир. Аны бөлүп-жарууга жол бербейбиз», – деп билдирди.
Муну менен катар парламенттин ишин жакшыртуу маселеси дагы улантыларын белгилеп, анын ичинен санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.
Андан тышкары, шайлоочулар менен жолугушууга да артыкчылык берилерин айткан төрага 30 округга депутаттар менен бирге барып, элдин көйгөйүн биргелешип чечүүгө аракет кыларын билдирди. Ошондой эле Аппаратка жума күндөрү атайын талкуу аянтчаларын уюштуруп, олуттуу маселелер боюнча отурумдарды өткөрүү тапшырмасын берди.
«Керектүү мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын да көзөмөлдөйбүз. Буга биздин мүмкүнчүлүгүбүз да, ыйгарым укуктарыбыз да жетет», – деди төрага.
