Мал союучу жайларда жана мал базарлара видеобайкоо системасы кеңейтилүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен аткарылган иштер тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү улантууда.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мал союучу жайларда жана мал базарларында ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында видеобайкоо системасы этап-этабы менен киргизилүүдө. Учурда республика боюнча 54 мал союучу жайларда, 5 мал базарында, ошондой эле Москва районундагы 1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясында (ВСЭЛ) видеобайкоо камералары орнотулган.
Бүгүнкү күндө мал базарларында жана мал союучу жайларда жалпысынан 23 видеокамера активдүү иштеп, процесстерди туруктуу көзөмөлдөп турат.
Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы видеобайкоо жаатында терең тажрыйбага ээ Dahua компаниясынын адиси менен биргеликте кошумча 37 камера орнотуу жана аларды толугу менен Ситуациялык борбордун системасына интеграциялоо маселесин иштеп чыгууда.
Министрлик мындан ары да 11 айдын жыйынтыгы менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка үзгүлтүксүз сунуштап турат.
