Үшүк жүрөт! ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты
14 октябрь

Үшүк жүрөт! ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-17-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат.

15-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

17-октябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Ал эми 16-17-октябрларда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт; 

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 3…8°,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3 сууктан …+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 10…15°,
  • тоо этектеринде түнкүсүн -4 сууктан …+1° жылуулука чейин, күндүз 1…6°,
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…5°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1 сууктан …+4° жылуулука чейин, күндүз 3…8°,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4 сууктан …+1° жылуулука чейин, күндүз 2…7°,
  • республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°,
  • бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° төмөндөйт.

Өлкөдөгү мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

17-18-октябрларда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошкага зыянын тийгизет.