Оштун босогосунан Раззаковго алып чыккан көчө жаңыланууда
Ош мэриясы
8 июнь

Оштун босогосунан Раззаковго алып чыккан көчө жаңыланууда

Ош шаарындагы Монуев көчөсүнөн темир жол бекети аркылуу Раззаков көчөсүнө алып чыккан жол толук оңдолууда.

Мэриядан кабарлашкандай, бул көчө Т. Турсунбаева көчөсү деп аталып, көп жылдан бери оңдоого муктаж болуп келген. Аталган көчө “Т” түрүндөгү жол менен кесилишет.

Ошондой эле мэр Жанарбек Акаев иштин жүрүшүнөн кабар алган учурда аталган көчөдө жайгашкан “Азия” соода борборун өзүнүн аймагындагы тротуар, пандустарын иретке келтирип, оңдоосун тапшырды.

Быйыл Ошто 50 чакырым жол жасалат. Бул иштерди окуу жылы башталганга чейин бүтүрүү шаар башчысынын негизги талабы