“Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
17 декабрь

“Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду.

Ушул Жарлык жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо максатында багытталган.

Жарлык менен “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан келип чыгуучу жер-укуктук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу бир жылдык мөөнөткө киргизилет, жана 2026-жылдын 1-мартына чейин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктунун “б”, “в” жана “г” пунктчаларында каралган жер мунапысынын объектилерине карата жер мунапысын жүргүзүү боюнча шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жер мунапысы боюнча комиссияларынын иши токтотулат.

Жарлык менен жер мунапысынын объектилери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык 2025-жылдын 1-июлуна чейин кошо алганда берилген жарандардын арыздары боюнча аларда жайгашкан, анын ичинде бүтпөй калган жеке турак үйлөрү менен 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участоктору саналат деп, белгиленет.

Ошондой эле, Жарлык менен 2021-жылдын 1-декабрына чейинки башаламан курулуштагы тилкелерде кандайдыр бир курулуштары жок жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча Мамлекеттик комиссия түзүү каралат.

Мамлекеттик комиссияга кызыкдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте айыл чарба багытындагы жер участокторун же болбосо “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун фондунан турак жайды үлүштүк кызматташтыктын шарттарында берүү менен 2021-жылдын 1-декабрынан кийин курулган, өз алдынча тургузулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар жер участокторун жана 2021-жылдын

1-декабрына чейин түзүлгөн башаламан курулушу бар участоктордун тобуна кирбеген жер участокторун мамлекеттик менчикке алып коюу жөнүндө маселени карап чыгуу жана чечүү тапшырылат.

Ушул Жарлык расмий жарыяланган кундөн тартып күчүнө кирет.