«Нелегал» рейди. Бишкекте чет өлкөлүк жарандарга 1,47 млн сом айып салынды
КР УКМК Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен биргеликте 2026-жылдын 5-августунан 19-августуна чейин миграциялык мыйзамдарды бузууларды аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн алдын алууга багытталган «Нелегал» аттуу рейддик иш-чараларды өткөрдү.
Чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн болгон турак жайларды, коммерциялык объектилерди жана башка жайларды текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын бөлүмдөрүнө 156 чет өлкөлүк жаран жеткирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык 97 административдик протокол түзүлгөн. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 1 млн 148,5 миң сомду түзгөн.
Аны менен катар 2026-жылдын 20-августунда КР УКМК Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын мототранспорт каражаттарын пайдалануу менен мыйзамсыз курьердик ишмердүүлүгүн аныктоого багытталган «Нелегал Мото-курьер» аттуу атайын рейддик иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 48 чет элдик жаран жеткирилди. Миграциялык мыйзамдарды, ошондой эле мотоциклдерди эксплуатациялоо жана башкаруу эрежелерин бузуулар аныкталды. Жалпы суммасы 322 000 сом болгон 33 административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга таандык эмес 10 мототранспорт каражаты жана 2 электр велосипеди Бишкек шаарынын ИИББсына киргизилди.
Учурда «Нелегал» аттуу ыкчам-профилактикалык жана издөө иш-чараларынын планынын алкагында миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз тартууга жана пайдаланууга жол бербөө боюнча иштер улантылууда.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга, өлкөдөгү коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого багытталган.
