Альтернативдик кызмат үчүн белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоого байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды
12 февраль

Альтернативдик кызмат үчүн белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоого байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Коргоо министри Руслан Мукамбетов белгилегендей, мыйзам долбоору альтернативдик кызмат өтөп жаткан жарандардын альтернативдик кызмат өтөгөндүгү үчүн, мобилизациялык резервдик жыйындарга, ошондой эле запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдик жыйындарга катышкандыгы үчүн белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо максатында иштелип чыккан.