Бишкекте тез жардам унаасы жетишсиз: 120 бригаданын ордуна 45и иштеп жатат
1 июль

Бишкекте тез жардам унаасы жетишсиз: 120 бригаданын ордуна 45и иштеп жатат

Бишкек шаарында тез медициналык жардам көрсөтүүчү бригадалардын жетишсиздиги дагы эле сакталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов «Ачык кабинет» программасында билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаардык Тез жардам борборунда 45 бригада иштеп жатат. Ал эми бекитилген норматив боюнча алардын саны 120дан ашууга тийиш.

«Бүгүнкү күндө бизде 45 бригада иштеп жатат, ал эми муктаждык болжол менен 120 бригаданы түзөт. Биз 60 тез жардам унаасын сатып алдык, алар жакын арада келет. Андан кийин унаалардын саны 100дөн ашат», — деди министр.

Дамир Осмонов билдиргендей, тез жардам кызматынын автопаркын жакшыртуу максатында 2026-жылы Саламаттык сактоо министрлиги дагы 150 тез жардам унаасын сатып алууну пландап жатат. Анын ичинен 60 унаа жакын арада келсе, дагы 90 унаага буйрутма берилген.

Министр белгилегендей, медициналык мекемелердин транспортко жана жабдууларга болгон муктаждыгы азырынча толук камсыздала элек. Ошол эле учурда тез жардам кызматын чыңдоо боюнча иштер ырааттуу улантылууда.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык Тез жардам борборунун жетекчилигине кадр маселесин чечүү жана кызматкерлердин санын талаптагы деңгээлге жеткирүү тапшырмасы берилди.