Президенттин тапшырмасы менен Гүлчөдө 702 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды
1 июль

Президенттин тапшырмасы менен Гүлчөдө 702 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды

Бүгүн Гүлчө шаарында турак жай комплексинин курулушуна расмий түрдө старт берилди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкөдө жеткиликтүү турак жай куруу боюнча масштабдуу мамлекеттик программа ырааттуу ишке ашырылууда. Бул иште өзгөчө басым өлкөнүн алыскы аймактарын өнүктүрүүгө жасалып, жарандарды заманбап жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Программанын ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын туруктуу көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик программанын алкагындагы кезектеги ири долбоор — Гүлчө шаарында курулушу башталган «Хан-Теңири-8» турак жай комплекси. Комплекс жалпы 702 батирге ылайыкталып, Алай районундагы эң ири турак жай долбоорлорунун бири болуп саналат.

Долбоорго ылайык, 12 тогуз кабаттуу турак үй курулат. Анда 324 бир бөлмөлүү, 324 эки бөлмөлүү жана 54 үч бөлмөлүү батир жайгашат. Комплексте бардык шарттар каралган.