Бишкекте 60 миң сомго жасалма документ саткан “жалган” милиция кызматкери кармалды 
КР ИИМ
1 июль

Бишкекте 60 миң сомго жасалма документ саткан “жалган” милиция кызматкери кармалды 

КР Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына К.У.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн Бишкек шаарынын ИИББ боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкеримин деп тааныштырган белгисиз жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.

Арызга ылайык, шектүү алдамчылык жана ишенимге кирүү жолу менен жабырлануучудан 60 миң сом акча каражатын алып, анын ордуна автоунааны айып короодон чыгарып алууга укук берет деген жасалма документ тапшырган.

Аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жабырлануучуга 60 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон, 1992-жылы туулган К.У.М. аттуу жаран кармалды.

Шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн санкцияланган тинтүү учурунда Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан берилгендей жасалмаланган, айып короодон транспорт каражаттарын алууга укук берүүчү маалымкаттардын бланктары табылып, алынган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.