Жети-Өгүздө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
16 декабрь

Жети-Өгүздө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы 2,4 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде, баасы 27 млн 552 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.