Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 млн сом алдап алган жаран кармалды
16 декабрь

Абактагы атасын чыгарууга убада берип, 1,5 млн сом алдап алган жаран кармалды

2025-жылдын 2-октябрында Баткен ШИИБге 28 жаштагы Баткен районунун тургуну кайрылып, Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну Э.С. анын ишенимине кирип, "абактагы атаңды бошотуп берем" деп убада берип, 1 500 000 сом акчасын алдап алып, ушул күнгө чейин түрдүү шылтоолор менен качып жүргөнүн билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, Баткен ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү Э.С. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.