Адылбек Касымалиевдин Россияга болгон жумуш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Россиянын Санкт-Петербург шаарына болгон жумуш сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Жумуш сапардын алкагында МинКаб башчысы Санкт-Петербург шаарында өткөн «Маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү» эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү.
Мындан тышкары Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде «Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү» темасында мейман лекция окуду.
Жумуш сапары аяктаган соң, Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарына кайтып келди.
