Ноокатта мал уурулукка шектелген адам кармалды
16 декабрь

Ноокатта мал уурулукка шектелген адам кармалды

Ноокат районунда мал уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-октябрь күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө Кулатов айыл аймагынын 1991-жылы туулган С. уулу А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 10-октябрь күнү тосулган эгин талаасынан 5 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 400 миң сомду түзөт.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Иш-чаралардын натыйжасында 3-декабрь күнү кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Б. уулу М. аттуу адам кармалып, райондук сот тарабынан камакка алынды. Учурда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча аракеттер жүрүп жатат.