Түндүк – Түштүк альтернативдик жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды
12 февраль

Түндүк – Түштүк альтернативдик жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бүгүн, 12-февралда Түндүк – Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү.

Транспорт министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык.

Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.

Кошумча маалымат берилет.