Кыргызстанда кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек
Кийинки президенттик шайлоо Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январында – шаршемби күнү өтүшү керек.
Жогорку Кеңештин комитети парламенттин регламентине президенттик жана парламенттик шайлоолордун даталарын аныктоо тартибин бекиткен өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды.
Өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо парламенттин учурдагы чакырылышынын ыйгарым укуктары аяктаган айда шаршемби күнү өткөрүлөт.
Ал эми президенттик шайлоо мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылы январь айынын төртүнчү шаршембисинде өтүшү керек.
Ошол эле учурда шайлоо даталарын аныктоонун бул эрежелери жаңы эмес. Тиешелүү нормалар 2026-жылдын жай айларында эле шайлоо мыйзамдарына киргизилген. Эми Жогорку Кеңештин регламенти ошол нормаларга ылайык келтирилүүдө.
Мындан тышкары, иштеген жарандарга байланыштуу өзүнчө өзгөртүү сунушталууда. Шайлоо күнү эмгек акысы сакталган дем алыш күн болуп эсептелет.
Кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы сакталат. Мында жаран шайлоого катышканын белгиленген тартипте ырасташы керек.
