Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
16 декабрь

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, 17-19-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу жогору. 

Алсак:

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу),
  • 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында,
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-110 чакырымдарында,
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.