Аламүдүн району: уурулукка шектелген чет мамлекеттин жараны кармалды
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1980-жылы туулган Д.Г. атту жаран арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 27- ноябрында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан өзүнө таандык «Д» аттуу жеке менчик дүкөнгө белгисиз адам терезе аркылуу кирип, кассадан 25 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын жана 200 000 сомдон ашык суммасындагы тамеки буюмдарын уурдап, жашыруун кеткендигин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинде (Уурулук) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип чет мамлекеттин жараны, 1966-жылы туулган, мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Е.С. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 96-беренесине ылайык ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Райондук соттун чечими менен кармалган жаранга карата 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда анын район жана облус аймагында жасалган башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Тергөө иштери улантылууда.
