Соода борборлору өрт коопсуздугун сактоодо кандай катачылык кетиришери айтылды
Соода борборлорунда өрт чыгуу коркунучун кантип алдын алууга болот? ӨКМнын Өрттү көзөмөлдөө кызматынын улук инспектору Хашымжан Абдырахманов “Биринчи радионун” түз эфиринде соода борборлорундагы өрт коопсуздугуна ылайык келбеген жагдайларды атады.
“Айрым учурда эвакуациялык чыгуучу жерлерге бутиктерди ачып алышат. Мындай жер дайыма ачык турушу керек. Акча табуу шылтоосу менен экскаваторлордун алдына да күркөлөрдү жайгаштырып коюшкан. Булардын баары өрт коопсуздугуна каршы келет. Биз анын баарын жерине барып түшүндүрүп, ар бир ишкананын чатырында бат күйүүчү жыгачтар болот, аларды атайын каражат менен сырдап чыгууну тапшырабыз”, – деди Абдырахманов.
Ошондой эле ал “Азиз” базарындагы өрт кырсыгына токтолуп, 2025-жылы өлкө боюнча 73 ири базарлары жана соода борборлору текшерүүдөн өткөнүн, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандарга жалпысынан 1,5 миллион сом айыппул салынганын кошумчалады.
