Чолок айылында болгон окуя. Жубайы жолдошуна карата эч кандай доо арызы жок экендигин билдирди
16 декабрь

Чолок айылында болгон окуя. Жубайы жолдошуна карата эч кандай доо арызы жок экендигин билдирди

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кемин районунда болгон окуя боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт:

2025-жылдын 15-декабрында интернет булактарында блогер Эртай Исаков тарабынан Instagram социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу жарыяланган видео тасма тараган. Анда 2025-жылдын 15-декабрында саат 21:25 чамасында Кемин районунун Чолок айылында жаран мас абалында күмүш түстөгү «Mercedes S-Class» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып, жубайы менен сөз талашып жаткандыгы чагылдырылган.

Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуяга катышкан жарандар Кемин шаарынын тургундары – 1992-жылы туулган С.А. жана анын жубайы 1998-жылы туулган С.С. экендиги аныкталган. Алар жагдайларды тактоо үчүн Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Айдоочуга карата медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп, анын мас абалында болгондугу тастыкталган. «Mercedes S-Class» үлгүсүндөгү автоунаа айып короого токтотулуп, тиешелүү материалдар түзүлүп, айдоочулук күбөлүгү жана унаанын каттоо документтери алынып, ишти сотко өткөрүү үчүн Кемин РИИБдин ЖКККсына жиберилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жаңжал үй-бүлөлүк-тиричилик негизде чыккандыгы, физикалык күч колдонуу фактылары катталбагандыгы аныкталган. Жубайы жолдошуна карата эч кандай доо арызы жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.

Жыйналган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынып, материалдар Кемин РИИБдин КККна жиберилди.