Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу 11,7%га төмөндөдү
Кыргызстанда 8нен 14-декабрга чейинки аралыкта курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 37 миң 629 учуру катталды.
Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, 49-жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7%га азайганы байкалууда. Ооругандардын жалпы санынын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү.
Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси инкубациялык мезгилге жабылды.
Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
