Баткенде тоо койнунда жаңы эс алуу жайы ачылды
Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылында “Ак-Саамай-Ата” эс алуу жайы ачылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн аталган жайдын ачылуу аземи өтүп, ага облус башчысы Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, айыл тургундары катышты.
Эс алуу жайы жеке ишкер тарабынан ачылган, ал курулушка 8 млн сом инвестиция салган.
Эс алуу жайынын курулушу, табигатта эс алуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга жана аймактагы туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
