Саламаттык сактоо министри Россиянын алдыңкы онкологиялык борборунун тажрыйбасы менен таанышты
27 май

Саламаттык сактоо министри Россиянын алдыңкы онкологиялык борборунун тажрыйбасы менен таанышты

Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Москва шаарындагы Н.Н. Блохин атындагы Улуттук медициналык онкологиялык изилдөө борборуна барды. Бул борбор Россиядагы ири жана алдыңкы онкологиялык борборлордун бири болуп саналат.

Иш сапардын жүрүшүндө КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы онкологиялык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу, онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары, ошондой эле борбордун адистештирилген клиникалык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Россиялык тарап жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, хирургиялык дарылоонун заманбап ыкмаларын, нур жана дары-дармек терапиясын, ошондой эле онкология тармагындагы инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбасын көрсөттү.

Өзгөчө көңүл онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, медициналык кадрларды даярдоо жана кесиптик тажрыйба алмашуу маселелерине бурулду. Тараптар онкология тармагындагы мындан аркы кызматташуунун келечегин, анын ичинде кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик алмашууну өнүктүрүү, ошондой эле онкологиялык кызматтын ишин уюштуруунун заманбап ыкмаларын үйрөнүү маселелерин талкуулашты.

Россиялык тарап аталган багыттар боюнча эксперттик жана консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.