«Эл-Ди-Эс Черитиздин» Жалал-Абаддагы балдарга берген жардамы
2 октябрь

«Эл-Ди-Эс Черитиздин» Жалал-Абаддагы балдарга берген жардамы

Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 4 жаштан 18 жашка чейинки 162 бала жашайт. Алардын көбү туруктуу камкордукка жана жардамга муктаж. Ошондуктан бул жерде күнүмдүк жашоодогу кадимки нерселер өзгөчө маанилүү: таза кийим, кургак шейшеп, кыймыл жана ыңгайлуу абалда болуу мүмкүнчүлүгү.

Мекеменин кызматкери Аида Кочкорбаева мунун артында күн сайын кандай түйшүк тураарын жакшы билет.

"Балдар кийимдерин тез эле булгап алышат, ошондуктан күнүнө бир нече жолу кир жууйбуз. Кир жуугандан кийин автомат кургаткычтын бар болгону абдан жакшы, кийимдерди тез кургаткандыктан, дайыма таза кийинтип тура алабыз", - дейт Аида Кочкорбаева.

Буга чейин мындай көлөмдөгү ишти аткаруу кыйла татаал болчу. Мекемеде эски, советтик доордон калган кир жуугуч машина колдонулуп, кургаткыч машина болгон эмес.

Мекеменин директору Дамира Алимжанова "Эл-Ди-Эс Черитиз" долбоорлорунун координатору Алия Гомерсалл менен байланышканын айтты. Фонддун өкүлдөрү мекемени кыдырып, анын иши менен таанышып, балдар жана кызматкерлер биринчи кезекте эмнеге муктаж экенин жеринде аныкташкан.

Негизги муктаждыктардын бири жаңы кир жуучу машина болгон. Аны менен катар «Эл-Ди-Эс Черитиз» мекемеге кургаткыч жабдууларды да берген.

Таанышуу учурунда балдарга атайын коляскалар да жетишпей турганы белгилүү болгон. Фонд андай коляскалардан 10 даана берди. Ар бири конкреттүү баланын дене түзүлүшү жана салмагына жараша тандалып алынган.

«Коляскалар биздин муктаждыктарыбызды эске алуу менен алып келинди. Алар ар бир баланын дене түзүлүшүнө жана салмагына жараша тандалып алынган», — деп белгиледи мекеменин жетекчиси.

Кызматкерлер коляскаларды гана эмес, керектүү практикалык билимдерди да алышты. Персонал үчүн окуу өткөрүлүп, анда адистер баланы туура отургузууну жана колясканы анын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонууну көрсөтүштү.

Андан бери көп убакыт өттү, бирок мекеменин кызматкерлери бул жардамды дагы деле эстешет. Кир жуучу жана кургаткыч машиналар персоналдын күнүмдүк ишин жеңилдетти, ал эми атайын коляскалар жана окутуу балдарды багууну жакшыртууга жардам берди.

«Эл-Ди-Эс Черитиздин» жардамы биз абдан муктаж болуп турганда берилди», — дейт Дамира Алимжанова.

Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин колдоо «Эл-Ди-Эс Черитиздин» Кыргызстандагы долбоорлорунун бирине айланды. Фонддун өкүлдөрү мекеменин муктаждыктары менен таанышып, кандай жардам керектигин аныкташат. Аталган жагдайда фонд керектүү жабдууларды берди, ал эми кызматкерлер аны туура пайдалануу боюнча практикалык билимдерди алышты.