Кыргызстан менен Россия баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты улантат
1 октябрь

Кыргызстан менен Россия баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты улантат

2026-жылдын 1-октябрында Душанбе шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен Россия Федерациясынын Ички иштер министри, Россия Федерациясынын полициясынын генералы Владимир Колокольцевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында ведомстволордун жетекчилери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Документке ылайык, 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Россиянын колдоо көрсөтүү программасынын кезектеги этабын ишке ашыруу каралган.

Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын материалдык-техникалык базасын жана ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары чыңдоо, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү, ошондой эле баңгизат кылмыштуулугунун заманбап түрлөрүнө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу мерчемделүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде синтетикалык баңгизаттардын жайылышын, аларды мыйзамсыз сатуунун жаңы ыкмаларынын пайда болушун жана укукка каршы ишмердүүлүктө заманбап маалыматтык технологиялардын колдонулушун эске алуу менен талкуулашты.

Макулдашууга кол коюу Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешкен ишти улантууга багытталган.