Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси алмашты
Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин аталган кызматты Азамат Жапаров аркалап келген. Ал башка кызматка дайындалгандыгына байланыштуу директорлук кызматын өткөрүп берген.
