Кыргызстан медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча Япониянын тажрыйбасын үйрөнүүдө
22 август

Кыргызстан медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча Япониянын тажрыйбасын үйрөнүүдө

Кыргыз Республикасынын делегациясы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан Токио шаарында (Япония) уюштурулган «Медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу» аттуу окуу программасына катышты. Бул программа жарандарды эрте этапта текшерип, жугуштуу эмес ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча пилоттук системаларды чыңдоого багытталган техникалык кызматташтык долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. 

Программанын жүрүшүндө Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунун өкүлдөрү Япониянын саламаттык сактоо системасын реформалоо тажрыйбасы менен таанышып, бейтаптарды медициналык мекемелерге багыттоо жолдору, калктын ден соолугун чыңдоо чаралары, медициналык кадрларды даярдоонун заманбап ыкмалары жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча тажрыйбаны изилдешти. Айрыкча медициналык реабилитация, клиникалык практикага көп тармактуу мамиле, кадрларды даярдоодо санариптик чечимдерди колдонуу жана жарандардын ден соолугун чыңдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Программанын алкагында Токио, Йокогама жана Сики шаарларындагы алдыңкы медициналык мекемелерди кыдыруу, практикалык тренингдер, лекциялар жана япон адистери менен иш жолугушуулары өткөрүлдү. Алынган билим жана тажрыйба Кыргыз Республикасында медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган натыйжалуу чечимдерди киргизүүгө колдонулат.