Маркум Камчы Көлбаевдин апасы каза болду
16 декабрь

Маркум Камчы Көлбаевдин апасы каза болду

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиева 77 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү тастыкташканын жазып чыкты.

Эске салсак, 2023-жылдын 4-октябрында УКМК Камчыбек Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Андан кийин атайын кызмат ага жана жакындарына таандык делген мүлктөрдү аныктап, мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүзгөн.

2024-жылы кримтөбөлдүн апасы Мая Алиевага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган.