Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 10 жашар баланын өмүрүн сактап калышты
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери 10 жаштагы Улукбектин өмүрүн сактап калышты. Окуя эс алуу маалында болуп, бала суудан чыгалбай калган учурда милиция кызматкерлери ыкчам аракет көрүшүп, анын өмүрүн сактап калышкан.
Баланын ата-энеси милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, алардын жоопкерчиликтүү кызматына ийгилик жана бекем ден соолук каалашты.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарды көл жээгинде коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат жана милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күнү-түнү кызмат өтөрүн белгилейт.
