Ош шаарында чет өлкөдөн келген жарандын мыйзамсыз аракетине бөгөт коюлду
22 август

Ош шаарында чет өлкөдөн келген жарандын мыйзамсыз аракетине бөгөт коюлду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөнүн жараны 1992- жылы туулган Б. С. аттуу аял мыйзамсыз иш-аракеттерге аралашкандыгы аныкталды.

Алгач жүргүзүлгөн текшерүүдө С. Б. Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” чек ара көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу кирип, Ош шаарында батир ижарага алып, интернет социалдык тармактар аркылуу сойкулук кызматтарын сунуштоо аракетин көргөнү белгилүү болгон. Бул факты Ош ШИИБдин МЭЖине катталып, топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 109-1-беренеси менен Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Бирок, жаран соттук кароолорго себепсиз келбей, 2025-жылдын 9-август күнү коңшу мамлекетке мыйзамсыз өтүүгө аракет жасап жатып, УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан кармалган.

Андан сырткары, С. Б. соттук кароого жиберилген материалды өз пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерине 20 000–25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары сунуштагандыгы боюнча маалымат түшүп, ал факты Ош ШИИБне катталган.

2025-жылдын 11-август күнү жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө, Ош ШИИБнин кызматтык кабинетинде С. Б. 25 000 сом пара берип жаткан учурда кармалган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары уланууда.