Бишкекте тигүү цехинен чыккан өрт өчүрүлдү
Аламүдүн районундагы Луговой айылында кийим тигүүчү цехтен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрттөн цехтин 550 чарчы метри күйгөн.
Жабыркагандар жок.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
