Кыргызстанда статус алган жалпы 22 питомник иш жүргүзүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ташып келүүгө чектөө коюлбаган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун тизмеси бекитилгендигин маалымдайт.
Азыркы учурда республиканын аймактарында статус алган жалпы 22 питомник иштеп жатат.
Анын ичинен:
- Баткен облусунда — 3,
- Ош облусунда — 2,
- Жалал-Абад облусунда — 1,
- Нарын облусунда — 1,
- Ысык-Көл облусунда — 6,
- Чүй облусунда — 9.
Агро токойчулук жана багбанчылык экологияны жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга салым кошуу менен айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүндө маанилүү роль аткарат.
Министрлик мыйзамдарды жакшыртып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоону улантууда.
