Төрага эксперттер менен мыйзам чыгаруу ишин жакшыртуу жаатындагы сунуштарды талкуулады
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 19-июнда «Стратегия 90: Эксперттик көпүрө» аталышында уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Жогорку Кеңештин имаратында өткөн жыйында коомдук-саясий ишмерлер жана эксперттер мыйзам чыгаруу ишин өркүндөтүү, парламенттин ишин күчтөндүрүү жаатындагы ойлору менен бөлүшүп, бир катар сунуш-пикирлер талкууланды.
Төрага Марлен Маматалиев жаңы форматта уюштурулган баарлашуу аянтчасы жөн гана кезектеги жолугушуу эмес экенин белгилеп:
«Бул мамлекет менен интеллектуалдык коомчулуктун ортосундагы ишенимдүү диалогдун жаңы этабы десек туура болот. Анткени, ар бир мамлекет өзүнүн интеллектуалдык күчүнө таянганда гана туруктуу өнүгүүгө жетише алат», – деди.
Муну менен катар өлкө башчысы тарабынан ишке ашырылып жаткан реформалар жана мамлекеттеги жетишкендиктер тууралуу сөз кылган төрага:
«Ошол эле учурда дүйнө болуп көрбөгөндөй тездик менен өзгөрүүдө. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар, маалыматтык атаандаштык, жаңы геосаясий процесстер мамлекеттик башкарууга жаңы талаптарды коюуда. Мындай шартта парламент дагы өзгөрүүгө тийишпиз. Жогорку Кеңеш мыйзам эле кабыл алган орган гана эмес, мамлекеттин келечегин көрө билген стратегиялык борбор болушу керек», – деп кошумчалады.
Мындан тышкары, азыр мыйзамдардын көп болушу эмес, алардын иштеши өзгөчө мааниге ээ экенин айткан Марлен Маматалиев:
«Жарандарыбызды жаңы кабыл алынган мыйзам долбоорлору эмес, анын жыйынтыгы кызыктырат. Андыктан биздин башкы милдетибиз мыйзам чыгаруу процессин сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү», – деп баса белгиледи.
Ошондой эле жыйынга мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, философия, дин саясаты, эл аралык мамилелер, стратегиялык коммуникациялар жана коомдук өнүгүү маселелери боюнча тажрыйбалуу адистер катышып жатканын эске салган төрага:
«Бүгүн башталып жаткан «Стратегия 90: Эксперттик көпүрө» демилгеси келечекте жөн гана эксперттик жолугушуу эмес, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнө багыт берген улуттук интеллектуалдык аянтчага айланат деп ишенем. Биз мамлекеттин келечеги жөнүндө сүйлөшүп жатканда бүгүнкү күн менен гана чектелбешибиз керек»,– деди.
Ага ылайык, ар бир эксперт баяндама жасап, мыйзам чыгаруу ишин жакшыртуу жаатындагы сунуштарын айтышып, өлкөнү өнүктүрүү багытындагы ойлорун ортого салышты.
