ИИМдин кызматкерлери фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен биргеликте фармакология жана фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун негизги темасы күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын эсепке алуу, жазып берүү жана бошотуу тартибин сактоо, ошондой эле аларды медициналык эмес максатта колдонууга жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жол бербөө, анын ичинде «аптекалык наркоманиянын» алдын алуу маселелери болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү дары каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жаатындагы учурдагы абал тууралуу маалымат берип, ошондой эле белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жөнүндө түшүндүрмө беришти.
Өзгөчө көңүл төмөнкү маселелерге бурулду:
- күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди берүүдө көзөмөлдөөнү күчөтүү;
- эсепке алуу, сактоо жана отчеттуулук талаптарын так сактоо;
- дары каражаттарын медициналык эмес максатта колдонууга жол бербөө;
- дары каражаттарына болгон көз карандылыктын алдын алуу багытында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.
КР ИИМинин өкүлдөрү дары каражаттарын медициналык эмес колдонууга жол бербөө жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу коомдук коопсуздукту жана калктын саламаттыгын камсыз кылуунун маанилүү багыттары экендигин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну улантууга, маалымат алмашууга жана биргелешкен профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
