Манаста катуу шамал катталып, эки адам ооруканага түштү
видеодон алынган кадр
19 июнь

Манаста катуу шамал катталып, эки адам ооруканага түштү

Ушул жылдын 18-июнунда болжол менен саат 18:30 чамасында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Манас шаарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу шамал бир катар өзгөчө кырдаалдарды жаратты. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркап, 4 жерде дарактар кулап түшкөн. Андан тышкары, 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Куткаруучулар тарабынан кооптуу чатырлар коопсуз жайларга жылдырылган.

Медицина кызматынан алынган маалыматка ылайык, кулаган дарактардын кесепетинен эки жаран жабыркап, учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Суу каптаган аймактарда тазалоо жана сууну чыгаруу иштери жүргүзүлүп, бардык авариялык-куткаруу иштери толугу менен аяктаган.

Кесепеттерди жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары тартылган.