Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келди. Бул ирет форумга катышуу үчүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 июнь

Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келди. Бул ирет форумга катышуу үчүн

Кыргызстандын тургуч президенти Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келип, мааракелик Ысык-Көл эл аралык форумуна катышууда. Ошол эле учурда буга чейин жарыяланган расмий катышуучулардын тизмесинде анын аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес.

Акаев үчүн бул 2005-жылдагы окуялардан кийин Кыргызстанга болгон алгачкы сапар эмес. Ал 2005-жылдын 24-мартында Март революциясы маалында өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол эле жылдын 3-апрелинде президенттик кызматтан расмий түрдө кеткендиги тууралуу арыз берген.

2021-жылы мурдагы президент Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу иш боюнча көрсөтмө берүү үчүн Кыргызстанга келген. Ошондо Акаев кайрылуу жасап, долбоорду ишке ашырууда кетирилген каталары үчүн элден кечирим сураган.

Мааракелик Ысык-Көл эл аралык форуму Кыргызстанда 18-июндан 21-июнга чейин өтүүдө. Быйылкы иш-чара «Цивилизациялык бурулуштагы дүйнө: келечекке бирге» деген темага арналган.

Форум эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, илимий коомчулукту, маданият жана адабият ишмерлерин, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда форумдун ачылыш аземине катышты. Эл аралык интеллектуалдык диалог аянтчасынын 40 жылдыгына арналган иш-чара Рух Ордо маданий борборунда өтүүдө.