Нөшөрлүү жаан жаайт. Синоптиктердин билдирүүсү
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратып, жарандарды сак болууга чакырды.
Маалыматка ылайык, 4-6-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектеринде райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат:
- мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу,
- дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу,
- ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө эскертилет.
