Кара-Кулжада келин күйөөсүнөн ур-токмок жеген. Окуя боюнча кылмыш иши козголду
Кара-Кулжада келин күйөөсүнөн ур-токмок жеген. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы келин окуя тууралуу ушул жылдын 8-июнунда ммилицияга билдирген.
Арыз ээси 1994-жылы туулган С.у.А., аттуу жолдошу тарабынан сабалганын билдирген.
Бул факты маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө үй-бүлөлүк келишпестиктен улам С.у.А. жубайы З.К.Ы.га дене жараатын келтиргендиги аныкталган.
Жабырлануучунун алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коргоо ордери берилген.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун алган жаракаты «ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракаты» деп бааланган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кийинчерээк жабырлануучу соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул эместигин билдирип, соттук-комиссиялык экспертиза дайындоону өтүнгөн.
Учурда анын өтүнүчү каралып жатат. Комиссиялык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
