Касымалиев: Чиновник инвестордун бир гана даттануусунан улам иштеп кетип калышы мүмкүн
Кыргызстанда иш алып барган ири инвесторлорду президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеке кабыл алышат.
Өкмөт башчысынын айтымында, инвесторлор өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан тоскоолдуктар жаралганы тууралуу даттануулар ыкчам каралат.
«Эгерде инвестордон бир гана даттануу түшсө, ошол кызматкер дароо кызматынан бошотулат», – деп билдирди Касымалиев «Кабар» агенттигине берген подкастта.
Ал белгилегендей, инвесторлорду биринчи кезекте жер берүү мөөнөттөрү, салынуучу инвестициянын көлөмү жана мүмкүн болгон салык жеңилдиктери кызыктырат.
Мисалы, ишкер завод курууга 100 млн доллар инвестиция салууну, салган каражатын он жыл ичинде кайтарып алууну, андан кийин киреше табууну пландашы мүмкүн.
Ири гидроэнергетикалык же күн энергетикасы долбоорлорун ишке ашырууда инвестор алгач салынган каражатын кайтарып, киреше алат. Андан соң объект Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Курулуш этабында инвесторлор ошондой эле алып келинген жабдууларды КНСтен жана бажы төлөмдөрүнөн бошотууну суранышат. Касымалиев бийлик мындай шарттарды кароого даяр экенин билдирди, анткени ишкана ишке киргенге чейин инвестор үчүн негизинен чыгымдар гана болот.
Ошол эле учурда жеңилдиктер кызматкерлердин айлыгынан алынуучу киреше салыгына жана Социалдык фондго төлөнүүчү төгүмдөргө жайылтылбайт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, Кыргызстанга болгон инвесторлордун ишеними өсүп жатат жана өлкөдө буга чейин эле миллиарддаган долларлык келишимдер менен бекемделген долбоорлор ишке ашырылууда.
