Кыргызстан менен Франция эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулашты
Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М. Байгончоков менен Франциянын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанини жолукту.
Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 18-июнда Бишкекте өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.
Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана эки тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууну түзүү перспективаларын талкуулоого бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырастап, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
